Түрк басма сөзү-12.04.2019

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1182017
Түрк басма сөзү-12.04.2019

«Сабах» гезити «Орусия С-400дүн айрым тетиктерин Түркия менен биргелеше өндүрө алат» аттуу маалыматында Орусия Федерациясынын Президенттик аппаратынын басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун Орусия жана Түркиянын С-400 ракеталык коргонуу системаларына таандык айрым тетиктердин Түркияда биргелеше өндүрүлүшүнүн ыктымалдуулугун карап жатканын айтканын жазган. Песков, «С-400дүн бардык тетиктеринин биргелеше өндүрүлүшү мүмкүн эмес, бул жаңы курал түрү болуп саналат. Ал эми айрым тетиктердин бөлүк-бөлүк түрүндө Түркияда өндүрүлүшү албетте мүмкүн»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркия-Германия соода карым-катнаштары дагы өнүгөт» деген маалыматында февраль айында Түркиянын эң көп экспорт кылган өлкөсү 1 миллиард 225 миллион доллар менен Германия болгонун маалымдаган. Немис-Түрк соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы др.Маркус С.Слевогт: «Түркия менен Германиянын ортосундагы соода абдан мыкты деңгээлде баратат»,-деди. Алдыбыздагы мезгилде эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүнүн Түркияга пайдалуу түрдө артышы күтүлгөнүн белгилеген Слевогт, 36,5 миллиард доллардык соода көлөмү менен эки өлкөнүн да бири-бири менен эң маанилүү тышкы соода өнөктөштөрүнөн болгонун айтты.

«Хүррийет» гезити «Түркия жана Американын иш дүйнөсү жолугат» аттуу маалыматында Тышкы экономикалык байланыштар кеңеши (DEİK) Түркия менен АКШнын Иш кеңеши (TAİK) жана Америка Түрк кеңеши (АТС) тарабынан быйыл 37-уюштурулган ТАИК-АТСнын биргелешкен жылдык конференциясы 14-16-апрель күндөрүнүн аралыгында Вашингтондо ишке ашаарын баяндаган. Конференцияда Патриот ракеталарын чыгарган Raytheon фирмасынан тартып Apple жана  General Electric фирмасына чейин бир топ атактуу фирманын жогорку башкаруучулары жана Түркия менен АКШ башкаруучулугунан жогорку рангадагы өкүлдөр катышат.

«Йени шафак» гезити «Туристтер эң көп каржылоо жасаган өлкөлөр белгилүү болду» деген маалыматында глобалдык деңгээлде кызык мазмундары, кеңири таблица, график жана маалыматтар менен камсыздап бөлүшкөн санариптик медиа мекемеси Visual Capitalistтин көрсөткүчтөрүнө караганда чет элдик туристтер 2017-жылы Түркияда 22,5 миллион доллардык каржылоо жасаганын маалымдаган. Түркия бул сан менен чет элдик туристтер каржылоо жасаган өлкөлөрдүн тизмесинде 14-орунга жайгаштырылды. Бул сан эң жогору АКШда көрүнүп, чет элдик туристтердин бул жерде 210,7 миллиард доллар каржылаганы белгиленди. Чет элдик туристтер эң көп каржылоо жасаган берки өлкөлөр катары менен; Испания, Франция, Тайланд, Италия жана Улуу Британия деп белгиленди.

«Стар» гезити «Обсерваториянын телескоптору көк асманга Марс үчүн бурулат» деген маалыматында Күн системасындагы эң кичине экинчи жана Күнгө эң жакын төртүнчү планета болгон Марс, жер жарынын тышында жашоо ыктымалдуулугунун болгону жөнүндө ишке ашырылган көп сандаган изилдөөлөргө тема болгондуктан астрономдорду абдан кызыктырып жатканын баяндаган. Анкара университетинин Креикен обсерваториясы 13-апрелде уюштура турган элдик иш-чарада көк асманга кызыккандарга «Марс» планетасын жана Айды телескоптор менен көрсөтөт. Иш-чарада катышуучулар обсерваторияда орун алган телескоптор менен көк асмандагы жылдыздарды байкай алат.



Тектеш кабарлар