Түрк басма сөзү-24.12.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1112472
Түрк басма сөзү-24.12.2018

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган Арнавуткөйдө сөз сүйлөдү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Стамбулдагы Арнавуткөйдө уюштурулган тобу менен ачылыш аземиндеги сөзүндө Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхуга катуу каршылык көрсөткөнүн жазган. Эрдоган: «Нетаньяху сен жаңылыш каалганы кактың. Эрдоган эзилгендердин үнү. Сен залимдердин үнүсүң. Сен мамлекеттик террорду жүргүзүүдөсүң. Сен залимсиң»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Ибрахим Калын жана Өмер Челиктин Нетаньяхуга каршылык көрсөтүүсү» аттуу маалыматында Түркияны Кипрде баскынчы катары мөнөздөп Түрк армиясынын террорго каршы жүргүзгөн операциялары тууралуу айыптоочу сөздөрдү айткан Беньямин Нетаньяхуга каршылык көрсөткөн Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын, «Өлкөсүндө териштирөөлөр менен башы балээде болгон Нетаньяху көңүлдөрдү башка жакка бурууга аракет кылууда, бирок ишке жарабайт. Израилдин баскынчы жана залим саясаттарын эч качан жаап жашыра албайт, Президентибизди токтото албайт»,-дегенин, ал эми Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челиктин да, «Президентибизге жана армиябызга тийишип чындыктарды жаап жашыра турганын ойлоп жатат»,дегенин баяндады.

«Сабах» гезити «Кандил жана Хакуркка абадан жүргүзүлгөн операция» аттуу маалыматында Ирактын түндүгүндөгү Кандил жана Хакрук аймактарына карай кечээ абадан жүргүзүлгөн операцияда база аймактарына кол салуу даярдыгындагы 6 террорист жок кылынганын жазган. Абадан жүргүзүлгөн операцияларда террорго таандык үңкүр жана баш калкалоочу жайларынын таш талканы чыгарылды.

«Стар» гезити «Баатыр Деңиз күчтөрү Чыгыш Жер Ортолук деңизде эл аралык сууларда билим берүү иш-чарасына катышты» аттуу маалыматында Улуттук коргоо министрлигинин расмий Твиттер барагынан берилген бөлүшүүдө баатыр Деңиз күчтөрүнө таандык бир фрегат жана тик учактардын Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги эл аралык сууларда билим берүү иш-чарасына катышканы маалымдалды. Анда, «Деңиз күчтөрүнө таандык ТЖГ ГИРЕСУН фрегаты жана бир деңиз тик учагыбыз менен Франциянын Деңиз күчтөрүнө таандык FS ACONIT кемесинин катышуусунда 2013-жылы 21-декабрда Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги эл аралык сууларда деңиз билим берүүлөрү ишке ашырылды» делди.

«Хабер түрк» гезити «Анталья төрт жылдан кийин чет элдик турист санында Стамбулдан ашты» деген маалыматында Түркияда эң көп чет элдик турист келген шаарлар тизмелөөсүндө 2000-2014-жылдар аралыгында биринчи орунду алган Анталья, 2014-жылы Стамбулга алдырып жиберген лидерликти быйыл кайра алганын маалымдаган. Антальянын Шаардык кеңешинин туризм боюнча жумушчу тобунун төрагасы Режеп Явуз, расмий сандарга караганда үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын акырынан тарта Антльянын чет элдик турист санынын 12,5 миллиондон ашканын, Стамбулдуку болсо 11 миллион 340 миңге жеткенин айтты.



Тектеш кабарлар