Түрк басма сөзү 21.05.2018

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

975350
Түрк басма сөзү 21.05.2018

«Ватан» гезити «Эрдоган өзүнө кол салуу боло турганы жөнүндөгү айтымдарга жооп берди» деген малыматында президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Сараеводо Мамлекет башчылык кеңешинин төрагасы Бакир Иззетбегович менен жолукканын билдирген. Эрдоган менен Иззетбегович бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрүштү. Өзүнө кол салуу боло турганы жөнүндөгү айтымдар боюнча Эрдоган: «Бул кабар мага да жетти. Ошон үчүн бул жердемин»,-деди.

«Стар» гезити «Эрдоган чет өлкөдө жашаган түрктөргө жакшы кабарларды Босния-Герцеговинада тизмектеди» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Сараеводо Европалык түрк демократтар биримдигинин кезектеги 6-жыйында сөз сүйлөгөнүн билдирген. Эрдоган: «Кайсы жерде жашасаңыздар ошол жердин жарандыгын сөзсүз алыңыздар. «Албайм» дебегиле алгыла. Берип жатса алгыла. Кош жарандыкка уруксат берген өлкөлөрдө ансыз деле маселе жок. Түркиядагы укуктарыңыздан эч ажырабастан колдоно ала турганыңыз формулаларды иштеп чыкты»,-деди.

«Сабах» гезити «Йылдырым нааразычылык билдирди» деген маалыматында премьер-министр Бинали Йылдырым, Грециянын «To Vima» гезитине маек куруп бергенин жазган. Йылдырым, Феталлахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы ийгиликсиз төңкөрүш аракети болгон түнү Грецияга качкан ФЕТӨнүн 8 мүчөсү үчүн: «Грек сотунун өкүмүнө нааразы болдук. Анткени бул кишилер күнөөсүз адамдардын өмүрүн алып, күнөөсүз адамдардын жаракат алышына себепчи болгон төңкөрүш аракетине катышышты. Парламентти бомбалашты. Президентти бутага алышты. Ийгиликтүү боло албагандарын билгенде бул 8 киши тик учак аркылуу мыйзамсыз жолдор менен качып кетишти. Негизи грек соту, эл аралык мыйзамдык принциптерге терс түрдө буларды жазасыз калтырганы сыяктуу жабыркагандардын да укуктарын тебелеген болду»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Яхта туризми үчүн уруксат документтери жеңилдетилди» аттуу маалыматында транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан, Түркияны Жер ортолук деңиздин эң маанилүү туристтик борборлорунун бирине айландыруу максатында бюрократиянын дээрлик жоюлганын белгилеп, яхталардын Түркияга кирүүлөрүндө 1 же 1 жарым күнгө созулган уруксат документтерин алуу процесси 5 мүнөткө кыскартылганын айтты.

«Хабер түрк» гезити «37-Түрк күнү жүрүшү Нью-Йоркто өткөрүлдү» деген маалыматында АКШнын Нью-Йорк шаарында салтка айланган Түрк күнү жүрүшү, быйыл Түрк куралдуу күчтөрүнө арналганын билдирген.

 

 



Тектеш кабарлар