Түрк басма сөзү 19.10.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

162622
Түрк басма сөзү 19.10.2014

«Радикал» гезити интернет барагынан «Түркия чек араларынын ичинде коопсуз аймак белгиси» аттуу кабарында вице-премьер Нуман Куртулмуштун: «Биз, өз чек араларыбыздын ичинде коопсуз аймак түзө алабыз. Бул тууралуу ансыз деле иштер аткарылып жатат. Аскердик жактан чек ара коопсуздугубузду күчтөндүрүү жана тышкарыда бөгөт коюла албаган, «бейтарап аймак» деп аталган жерде токтотула албаган абдан көп көч массасы келсе, аларды ала турган коопсуз аймак»-деген маалыматты бергенин жазган.
«Стар» гезити «Европа Биримдиги комиссиясы Түркия үчүн Австрияга доо койду» аттуу кабарында Европа комиссиясы түрк жарандарына коюлган виза менен жашоо шарттарын мыйзамдуу камсыздоого албаганы себеби менен Австрия тууралуу Европанын Адилеттик кеңешине кайрылганын жазган.
Гезит Комиссиянын 2014-жылы Австрия өкмөтүнө «бул темада мыйзамдуу түзөтүү жасоо» чакырыгын салганын белгилеген. Астрия өкмөтү болсо бул маселени жол-жоболор менен чечкендерин алдыга коюп мыйзамдуу түзөтүү талаптарын четке каккан болчу.
«Акшам» гезити «Эроглу Пан Ги-Мунга кат жазды» аттуу кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Дервиш Эроглу Кипр сүйлөшүү процессиндеги акыркы абалдарга байланыштуу БУУнун баш катчысы Пан Ги-Мунга кат жөнөткөнүн маалымдаган.
Гезит Эроглунун катында Кипрдын Рум тарабынын адилеттүү, туруктуу, сүйлөшүү менен чечимге жетүү үчүн алдын ала шарт койбостон сүйлөшүү үстөлүнө кайтуусун талап кылганын баяндаган.
«Йени шафак» гезити «Сириянын оппозициячыл жана төңкөрүшчүл күчтөр улуттук коалициясы (SMDK) жардам сурады» деген кабарында Сирия Калкынын Достору Тобуна мүчө өлкөлөрдөн айрымдарынын элчилери менен Стамбулда жолугушкан Сириянын оппозициячыл жана төңкөрүшчүл күчтөр улуттук коалициясынын (SMDK) төрагасы Хади аль-Бахранын баш калкалоочулардын жана өлкөнүн айрым шаарларында курчоо астында турган сириялыктардын кышка даярдануулары керектигин баса белгилегенин баяндаган.
Гезит Бахранын Сирия Калкынын Достору Тобуна мүчө өлкөлөрдөн бул темада жардам суроолорун өтүнгөнүн маалымдаган.
«Сабах» гезити «Босфор жана «Фатих Султан Мехмет» көпүрөлөрү гүлгүн түскө айланды» аттуу кабарында Эмчек саламаттыгы коому (MEMEDER) эмчек рагы боюнча маалыматтандыруу айы болгон октябрь айында эрте анализ коюунун маанисин баса белгилеп, маалыматтандыруу жана дагы көп адамга жетүү үчүн жүргүзгөн иш-чараларын улантып жатканын белгилеген.
Гезит ушул алкакта Стамбулда Азия жана Европа материктерин бириктирип турган Босфор жана «Фатих Султан Мехмет» көпүрөлөрү саат 19:30-22:00 сааттарынын арасында гүлгүн түскө бөлөнө турганын маалымдаган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар