Түрк басма сөзү 4. 07. 2014

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар

117549
Түрк басма сөзү 4. 07. 2014


«Йени шафак» гезити «Кайтуунун сүйүнүчү» деген маалыматында Ирак Дамаск Ислам мамлекетинин Иракта качырган 32 түрк тройлер шоферун эркин кое бергенин белгилеген. Гезит Эрбил башкы консулу Мехмет Акиф Ирамдын өткөрүп алган шоферлордун түрк аба жолдоруна таандык атайын учак менен Түркияга алып келингенин жазган. Маалыматта качырылгандан 23 күндөн кийин эркин кое берилген шоферлордун үй – бүлөлөрү менен жолугушуусу билдирилген.
«Йени шафак» гезити «Кыргын жүрүшү» деген маалыматында Босния – Герцеговинанын Сребреница шаарында серб бөлүктөрү тарабынан иштелген кыргындын 19 – жылындагы эскерүү салтанаттары үчүн «өлүм» жүрүшүнүн башталганын белгилеген. Гезит кыргындан качкандар колдонгон багытта өткөрүлгөн өлүм жүрүшүнөн кийин баштала турган салтанаттардын негизинде 11 – июлда 175 курмандыктын дагы көмүлөрү билдирген. Маалыматта бул жылы сөөгү табылган эң кичинекей шейиттин болсо14 жаштагы Сенад Беганович экени белгиленген.
«Ватан» гезити «Бир жумада беш миң сириялык» деген маалыматында Хатайдын Рейханлы районундагы Жилвегөзү чек ара капкасынан акыркы бир жумада 5 миңге жакын сириялыктын Түркияга өткөнүн билдирген. Гезит өлкөлөрүндөгү ички согуштан качып Түркияга баш калкалаган сириялыктардын биринчи келген жери Жилвегөзү чек ара капкасына Рамазан айында кишинин көп келгенин жазган.
«Стар» гезити «Жансуюнан 30 өлкөгө жардам» деген маалыматында түрк жарандык коом уюму «Жансую» жардамдашуу жана колдошуу коомунун : «Рамазан жакырларга майрам, жетимге күлүмсүрөө» деген ураан менен дүйнөлүк масштабда 30 өлкөгө жардам алып барганын белгилеген. Гезит өлкө тышында жардам берүү иш чараларында өткөн жылы кургакчылык болгон Сомали жана Кения менен бирге Нигер, Буркина Фасо, Камерун жана Чад сыяктуу кургакчылык болгон Африка өлкөлөрүнө алдыңкылык берилерин жазган.
«Хүррийет» гезити «Европанын көзү бул жерде» деген маалыматында Стамбулдагы Медиполь университетинин медициналык факультетине караштуу Регенеративдик жана калыбына келтирүү боюнча медициналык илимий изилдөө борборунун Түркиянын көрүнүштөрдү берүү тармагында эң маанилүү изилдөө борбору катары алдыга чыкканын белгилеген. Гезит Европадагы окшошторунун көпчүлүгүнөн алдыда экенин жана көп сандаган лабораториялары менен дүйнөлүк тизмеде эң жогоруда орун алганын белгилеген. Маалыматта айрыкча Медиполь университетинде эл аралык медициналык факультетинин ачылганын белгилеп дүйнөнүн бардык жеринен англис тилин билген студенттерге түркчө билүү мажбурдуулугу болбостон билим берилгени жазылган.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар