Түрк басма сөзү 29.05.2014

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

76565
Түрк басма сөзү 29.05.2014


«Стар» гезити «Армения азербайжандык эки аскерди шейит кылды» баш сөздүү кабарында Азербайжан-Армения чек арасында Армениянын аскерлери тарабынан атылган октон азербайжандык эки аскердин каза тапканын, бир аскердин болсо оор жаракат алганын белгилеген.
Гезиттин кабарында Азербайжандын коргоо министрлигинин билдирүүсүндө чек арага жакын Фузули аймагында армян аскерлердин Азербайжан жерлерине ок аткандары жазылган.
«Акшам» гезити «БУУ: «Стамбул»,- деди» баш сөздүү кабарында Стамбулдун мэри Кадир Топбаштын Нью-Йоркто БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун менен жолугушканын белгилеген.
Эки тараптуу жыйында Стамбул үчүн сүйүндүрүүчү кабар айтылганын баяндаган гезит, 2016-жылы өтүүчү Дүйнөлүк гуманитардык жардам жыйынынын Стамбулда өткөрүлө турганын маалымдаган.
 «Стар» гезити «Кувейт менен визалар жоюлду» деген кабарында Түркиядан Кувейтке саякаттардын визасыз боло турганын билдирген.
Гезиттин кабарында эки өлкөнүн ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында дипломатиялык, өздүк жана кызмат паспортуна ээ болгон кишилердин визасыз жана төлөм төлөбөстөн, 6 айдын ичинде 90 күндөн ашпай тургандай түрдө саякат кыла ала тургандары белгиленген.
«Йени шафак» гезити «Түрк аба жолдорунун чет өлкөдөгү алгачкы CIPси Москвада» баш сөздүү кабарында Түрк аба жолдорунун Түркиянын тышындагы алгачкы CIP жүргүнчү залынын Орусиянын борбор шаары Москвада ачылганын билдирген. Кабарда Внуково аэропортундагы «İstanbul Lounge» CIP залынын ачылышына көп сандаган жетекчинин катышканы баяндалган.
«Сабах» гезити «Парашютчулар Стамбул аба мейкиндигинде» темалуу кабарында «ProBASE World Cup-2014» фестивалынын Стамбулда башталганын маалымдаган. Гезиттин кабарында 18 өлкөдөн келген 65 парашютчунун Европанын эң бийик имараты Стамбул Саппхирде 236 метр бийктиктен секирип жарышып жаткандары белгиленген. Кабарда жарыштардын мындан кийинки бөлүмдөрүнүн Норвегия, Швейцария жана Түркияда Эрзинжандын Кемалийе районунда боло турганы сөз кылынган.
«Хабер түрк» гезити «Сабанжы эң күчтүү алтымышынчы аял болду» баш сөздүү кабарында Сабанжы Холдингдин башкаруу кеңешинин төрайымы Гүлер Сабанжынын «Форбес» журналынын 2014-жылдын эң күчтүү аялдары тизмесинде алтымышынчы орунду алганын баяндаган. Кабарда биринчиликти болсо өткөн жылдагыдай эле Германиянын канцлери Ангела Меркелдин алганын билдирген.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар