Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1547457
Тарыхта бүгүн

1957-жылдын 19-декабрында НАТОнун Париж саммитинде АКШнын СССРдин коркутууларына каршы Европа өлкөлөрүнө өзөктүк ракеталарын жайгаштыруусуна уруксат берилди. Бул чечим менен бирге Германия Федеративдүү Республикасы баш болгон Европа өлкөлөрүнө АКШнын туруктуу аскердик базалары курула баштады.

1987-жылдын 19-декабрында Болгариядан качып Түркияга келген Наим Сүлейманоглу улуттук форманы биринчи жолу оор атлетика боюнча эл аралык республикалык турнирде кийип чыкты. Сүлейманоглу жулкуп көтөрүү, силкип көтөрүү жана жалпы эсептеги өзүнө таандык болгон дүйнө рекорддорун жаңылады.

1992-жылдын 19-декабрында АКШ дагы арасында болгон 24 өлкө Сомалиде күчөгөн жарандык согуштарга кийлигишүү үчүн «Үмүт операциясын» баштады. Түркия алгач саясий андан соң аскердик колдоо көрсөткөн операция БУУнун чатыры астында жүргүзүлдү бирок сомалилик генерал Аидиддин жогорку мартабалуу үч жардамчысын колго түшүрүү максатында жүргүзүлгөн операцияда 17 Америка аскери каза болду, 77си жараланды, бирөөсү да туткунга түштү. Бул окуядан кийин АКШнын президенти Клинтон Америка аскерлеринин Сомалиден чыгып кетээрин билдирди.



Тектеш кабарлар