Тарыхта бүгүн
Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.
1546789
1865-жылдын 18-декабрында жарандык согуш аяктагандан кийин АКШда кулчулук расмий түрдө жоюлду. Кулчулукка жол берген бардык эрежелер федералдык мыйзамдан алынып салынды.
1996-жылдын 18-декабрында Перудагы Тупак Амару согушкерлери борбор шаар Лимадагы Япониянын элчилигине кол салышты. Элчиликтеги 70 адамды 4 ай бою барымтага алган 14 согушкер, Перунун коопсуздук күчтөрүнүн операциясынын натыйжасында жок кылынды.
2002-жылдын 18-декабрында батыштык уюмдардын Түркияга каршы чалгындоо иштери тууралуу изилдөөлөрү менен таанылган доцент доктор Нежип Халблемитоглу үйүнүн алдында киши колдуу болуп каза тапты.
2006-жылдын 18-декабрында "Таш доору" жана "Йоги Аюу" мультфильмдери менен белгилүү АКШлык продюсер жана аниматор Жозеф Барбера көз жумду.