Тарыхта бүгүн

Тарыхта ушул күнү болгон окуялар.

1539172
Тарыхта бүгүн

 656-жылдын 4-декабрында Ислам мамлекетинде биринчи жолу жарандык согуш болду. Азирети Алинин Азирети Осмонду өлтүргөндөрдү ачыкка чыгарбаганын айткандар, Азирети Мухаммеддин аялы Азирети Айшаны да жанына алып оппозицияны баштады. Көп өтпөй айтылган сындар куралдуу жаңжалга айланып, эки тарап Басрага жакын жерде согушка киришти. Тарыхта "Төө окуясы" деп аталган согушту Азирети Али жеңди.

1858-жылдын 4-декабрында британиялыктар Индиядагы Түрк империясынын өкүмдары Бабур Шах II тактыдан түшүрүп, газнелик Махмуддан бери 9 кылым бою Индияда өкүм сүргөн түрк бийлигин жойду. Бабур Шах Бирмага сүргүнгө айдалды.

1943-жылдын 4-декабрында АКШнын президенти Рузвельт жана Британиянын премьер - министри Черчилль Түркияны Германияга каршы согушка кирүүгө үгүттөө үчүн Каирде президент Исмет Инөнү менен жолугушту. 3 күнгө созулган сүйлөшүүнүн акырында Исмет Инөнү АКШ менен Британиянын бул талабын четке какты. Түркия согуштун бүтүшүнө аз убакыт калганда Германия менен Японияга согуш жарыялады жана БУУнун негиздөөчү мүчөлөрүнүн катарына кошулду.



Тектеш кабарлар