Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1492695
Тарыхта бүгүн

1956-жылдын 18-сентябрында, Эфесте 1926-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан археологиялык казуулардын жүрүшүндө, дүйнөгө белгилүү Артемида айкели табылды. Грек мифологиясындагы кудай Артемидадан айырмаланган өзгөчөлүктөргө эгедер Эфес Артемидасы жаратылыш кудайы катары тукумдуулукту, түшүмдүүлүктү жана берекени билдирет. Байыркы Эфес шаарындагы "Артемида храмы" да Дүйнөнүн 7 кереметинин катарына кирет.

2002-жылдын 18-сентябрында, Баку-Тбилиси-Жейхан (BTC) мунай куурунун пайдубалы Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезер, Азербайжандын президенти Алиев жана Грузиянын президенти Шеварднадзе тарабынан түптөлдү. Узундугу 1768 чакырым болгон мунай кууру 2006-жылы иштей баштады. 

 

2005-жылдын 18-сентябрында, Советтер Союзунун басып алуусу жана өлкөдөгү жарандык согуштардын себебинен узак убакыт бою саясий туруксуздукту баштан кечирген Ооганстанда 36 жылдан кийин парламенттик шайлоо өткөрүлдү. 



Тектеш кабарлар