Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1922-жылдын 9-сентябрында, Чоң чабуул жана Думлупынар согушу жеңиш менен аяктагандан кийин Түрк армиясы басылып алынган Измирге кирип барды. Измирдин бошотулушу менен Анадолуда бир дагы грек аскери калган жок.
**
1976-жылдын 9-сентябрында, Кытай Эл Республикасынын негиздөөчүсү Мао Цзэдун 83 жаш курагында көз жумду. Мао көз жумгандан кийин Коммунисттик партиянын ичинде бийлик үчүн күрөш болду. Күрөштү реформисттердин лидери Дэн Сяопин жеңди.
**
1982-жылдын 9-сентябрында, Түркиянын Бургаз консулдугунун административдик атташеси Бора Суелкан армян террористтери тарабынан шейит кылынды.
**
2004-жылдын 9-сентябрында, Индонезиянын борбор шаары Жакартадагы Австралиянын элчилигине бомба чабуулу жасалды. Ал-Каида менен байланышы бар Жамаат-и-Ислами террордук уюму уюштурган кол салуудан 10 адам каза болду.