Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1795-жылдын 5-сентябрында, Жер Ортолук деңизиндеги Осмон портуна кирип соода кылууну каалаган Америка кемелери жана жарандары үчүн АКШ менен Осмон империясынын ортосунда келишим түзүлдү. Келишимге ылайык АКШ Осмон мамлекетине жыл сайын 21 миң 600 доллар салык төлөөгө макул болду. Келишимдин мөөнөтү 29 жыл деп белгиленди.
**
1914-жылдын 5-сентябрында, Биринчи Дүйнөлүк согуштагы эң кандуу согуш деп аталган "Марне согушу" башталды. Франция-Германия фронтунда 2 миллион аскер бетме-бет келген согушта 6 күндүн ичинде болжол менен 100 миң жоокер каза болду.
**
1972-жылдын 5-сентябрында, Палестинанын куралдуу согушкерлери 1972-жылдагы Жайкы Олимпиада үчүн Мюнхенге келген израилдик топко ок атышты. Бир спортчу каза болуп, 9 спортчу барымтага алынды. Немис полициясы менен палестин согушкерлеринин кагылышуусунда барымтага алынган тогуз адам, 4 палестин согушкери жана 1 полициячы курман болду.