Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1482433
Тарыхта бүгүн

1715-жылдын 1-сентябрында, 5 жашында тактыга отурган жана Францияны 72 жыл башкарган "Күн падышасы" наамындагы XIV. Louis (Людовик XIV) 77 жашында дүйнөдөн кайтты.

**

1908-жылдын  1-сентябрында, Ислам дининин ыйык жерлерин Осмон империясынын борбору Стамбулга байланыштырган Хижаз темир жолу салтанаттуу азем менен ачылды. Биринчи поезд Стамбулдан Мединага жөнөп кетти.

**

1939-жылдын 1-сентябрында, Адольф Гитлер жетектеген  Германиянын Польшага кол салуусу менен Экинчи Дүйнөлүк согуш расмий түрдө башталды. 1945-жылга чейин созулган согушта болжол менен 40 миллион адам каза болуп, миллиондогон адам жаракат алды жана майып болуп калды.  Согуштун 50 жылдыгында 1-сентябрь "Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнү" деп жарыяланды.

**

1985-жылдын 1-сентябрында, Америкалык океанограф Роберт Баллард жана анын командасы 1912-жылы чөгүп кеткен Титаниктин калдыгын табышты.



Тектеш кабарлар