Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1377925
Тарыхта бүгүн

1827-жылдын 14-мартында Осмон падышасы Махмуд IIнин буйругу менен Түркияда заманбап медицина билим берүүсү башталды. Алгачкы «Хирургия» бөлүмү Стамбулдун Шехзадебашы районунда ачылды. Стамбулдун Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин басылып алынуусуна каршылык көрсөткөн медицина факультетинин студенттери окуу жайдын курулушунун жылдыгында нааразылык акция уюштургандары боюнча Түркияда 14-март «Медицина майрамы» катары белгиленип келет.

1883-жылдын 14-мартында «Илимий социализм» идеологиясынын теоретиги немис илимпоз Карл Маркс 65 жашында Лондондо каза тапты.

1919-жылдын 14-мартында грек армиясынын Измирди басып алуу планы Англиянын премьер-министри Ллойд Жордж, Франциянын премьер-министри Клемансо, Италиянын премьер-министри Орландо жана АКШнын президенти Вудро Вильсон тарабынан бекитилди.

2018-жылдын 14-мартында «Чоң жарылуу», «Кара тешик» жана «Кванттык механика» боюнча жүргүзгөн изилдөөлөрү менен дүйнөдөгү эң маанилүү илимпоздордун бири болуп эсептелген Стивен Хокинг 76 жашында көз жумду. ALS илдетинин себебинен сүйлөө жөндөмүн жоготконуна карабастан илимий иштерин уланткан Хокингдин китептери 40 башка тилде жарыяланды.



Тектеш кабарлар