Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1372895
Тарыхта бүгүн

1920-жылдын 6-мартында «Диета» жана «Тырмагыч» аттуу чыгармалары менен бирге заманбап түрк адабиятына чоң салым кошкон аңгеме жазуучу Өмер Сейфеттин 36 жашында Стамбулда дүйнөдөн кайтты.

1955-жылдын 6-мартында Азербайжан Республикасынын куруучусу жана туңгуч президенти Мехмет Эмин Расулзаде 74 жашында Анкарада көз жумду. «Мусават» партиясы менен Азербайжан саясатында маанилүү орду болгон Расулзаде «Октябрь революциясынан» кийин көз карандысыздыгын жарыялаган Азербайжандын Улуттук кеңешинин төрагасы болду. Эки жылдан кийин Кызыл армиянын Азербайжанды басып алганы боюнча камакка алынган Расулзаде 1922-жылы өлкөсүнөн сүргүнгө айдалды.

1987-жылдын 6-мартында «Herald of Free Enterprise» аттуу паром Бельгиядан Англиянын Дувр портуна баруу үчүн жолго чыккандан бир канча мүнөт өткөндөн кийин чөгүп кетти. Окуяда 193 жүргүнчү жана экипаждын мүчөсү каза болду.



Тектеш кабарлар