Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1371258
Тарыхта бүгүн

1193-жылдын 4-мартында Египет менен Сириянын Султаны, Эйюби мамлекетинин куруучусу Селахаддин Эйюби 55 жашында Дамаскта дүйнөдөн кайтты. Селахаддин Эйюби хет согушунда Кудсту христиандардан алып 88 жылга созулган басып алууну токтоткон болчу.

**

1923-жылдын 4-мартында Түркиянын куруучусу жана туңгуч президенти Мустафа Кемал Ататүрктүн буйругу менен уюштурулган Измир экономика курултайы аяктады. Курултайда Республика режиминин экономикалык моделинин мамлекет-менчик сектор кызматташтыгына негизделген бириккен модель болушуна чечим чыгарылды. 

**

1964-жылдын 4-мартында Түркиянын талабы боюнча БУУ Кипрге «Тынчтык күчүн» жөнөтүүнү чечти. «Тынчтык күчү 27-мартта кызматын баштады.

**

1981-жылдын 4-мартында Түркиянын Париждеги эмгек атташеси Решат Моралы жана дин кызматкери Тежелли Ары, армян террор уюму АСАЛА террористтеринин куралдуу кол салуусуна дуушар болду. Решат Моралы окуя болгон жерде, Тежелли Ары болсо бир күндөн кийин шейит болду.

**



Тектеш кабарлар