Тарыхта бүгүн
Тарыхта бүгүн болгон окуялар.
1451-жылдын 3-февралында дүйнө тарыхына «Доор ачып, доор жапкан түрк» деп атын жаздырган Осмон империясынын жетинчи падышасы Фатих Султан Мехмет, атасы Экинчи Мурат көз жумгандан кийин экинчи жолу Осмон тактысына отурду.
1969-жылдын 3-февралында Ясер Арафат, Палестинанын улуттук кеңеши тарабынан Палестинанын боштондук уюмунун башчысы болуп дайындалды. Арафат Израиль менен баардык тынчтык демилгелерин четке какты.
2004-жылдын 3-февралында Азербайжан мунайын Түркия жана дүйнөлүк рынокко жеткире турган BTC мунай зат кууру долбоору боюнча акыркы келишимдерге Бакуда кол коюлду.
2006-жылдын 3-февралында Сауд Арабиядан Египетке бараткан жүргүнчү кемеси Египеттин Хургада портуна 40 мил калганда Кызыл деңизге чөгүп кетти. Кемедеги орто эсеп менен 1 миң 400 жүргүнчү жана экипаждан 388 киши гана куткарыла алды.