Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1350947
Тарыхта бүгүн

1922-жылдын 2-февралында төрт жыл бою бир гезитте жарыяланган Жеймс Жойстун дүйнөгө таанымал чыгармасы «Улисс» бул жазуучунун туулаган күнүндө китеп катары жарык көрдү.

1982-жылдын 2-февралында Сирияда «Хама кыргыны» болду. Төңкөрүш менен бийликти колго алган Хафыз Асадга каршы Хама шаарында көтөрүлүш болду. Көтөрүлүштү токтотуу үчүн Сирия армиясын жөнөткөн Хафыз Асад, шаардын бир канча күн бомбаланышына буйрук берди. Бомбалоолордон кийин танкалар менен шаарга барган Сирия армиясы кулаган үйлөрдүн ичине жашырынгандарды чыгаруу үчүн уулуу газ колдонду. Эл аралык Мунапыс Уюму Хама кыргынында 10-25 миң кишинин өлтүрүлгөндүгүн билдирсе, расмий эмес байкоочулар бул сандын 40 миңге чейин жеткенин кабарлашты.

1990-жылдын 2-февралында Түштүк Африканын президенти Де Клерк, Африка улуттук конгрессине коюлган 30 жылдык тыюу салууну жойду. Нельсон Мандела да арасында болгон саясий камактагыларды эң кыска мөөнөттүн ичинде эркиндикке чыгара тургандарын жарыялады.



Тектеш кабарлар