Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон окуялар.

1349775
Тарыхта бүгүн

1933-жылдын 30-январында Германияда президент Гинденбург нацисттик партиянын башкы жетекчиси Адольф Гитлерди 12 мүчөдөн турган коалиция өкмөтүнө канцлер катары дайындады.

1943-жылдын 30-январында Англиянын премьер-министри Черчилль, Касабланка конференциясынан кийин президент Исмет Инөнү менен жолугушуу үчүн Түркияга келди. Аданада өткөрүлгөн жолугушууда Черчилль Инөнүдөн Балкан өлкөлөрүндө нацисттерге каршы экинчи фронт ачылуусу үчүн Түркиянын да согушка кошулуусун өтүндү. Исмет Инөнү бул талапка түрк армиясынын согушка азырынча даяр эмес экенин белгилеп макул болгон жок. 

1948-жылдын 30-январында Индиянын туңгуч лидери Махатма Ганди, Жаңы Делиде кол салууга дуушар болуп көз жумду. Кылмышкер Натурам Годсе  индус радикал эле.

1972-жылдын 30-январында британ аскерлери Түндүк Ирландиянын Богсайд шаарынын Дерри аймагында митингге чыккан куралсыз демонстранттарга ок атты. Тарыхка «Кандуу жекшемби» деп катталган окуяда 14 киши набыт болду. Куралсыз жарандардын өлтүрүлүшү, Түндүк Ирландиянын көз карандысыздыгын каалаган ИРА армиясынын куралдуу жана бомбалуу кол салууларын арттыруусуна себеп болду.



Тектеш кабарлар