Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1343956
Тарыхта бүгүн

1921-жылдын 20-январында Түркия Республикасынын биринчи Баш мыйзамы «Teşkilat-ı Esasiye» Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тарабынан кабыл алынды. 24 беренелик конституция «Күчтөр биримдиги» принциби боюнча түзүлдү. 

1981-жылдын 20-январында Иран менен АКШнын ортосундагы туткун маселеси аяктады. Тегеран жетекчилиги 444 күндөн бери барымтада жаткан 52 америкалыктын эркин кое берилгендигин билдирди.

1990-жылдын 20-январында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы чыр-чатактын айынан аймакта аскердик тартип жарыялаган Советтер союзу Кызыл армияны Бакуга киргизди. Тарыхка «Январь кыргыны» деп катталган басып алуу учурунда жүздөн ашуун киши каза болуп, 800дөн ашуун Азербайжан түркү жаракат алды.

2018-жылы 20-январда Түркия-Сирия чек арасында күчөгөн ыраатсыздык жана террор коркунучунун себебинен Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын Африн аймагына карай «Зайтун бутагы» операциясын баштады.



Тектеш кабарлар