Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1337855
Тарыхта бүгүн

1920-жылдын 10-январында Биринчи Дүйнөлүк согуштан кийин жаңы согуштарга бөгөт болуу максатында Швейцария борбордуу «Улуттар жамааты» түзүлдү. Биринчи Дүйнөлүк согуштун жеңүүчүлөрү тарабынан түзүлгөн Улуттар жамааты, Европада күчөгөн бийликтеги режимдер жана санкция күчүнүн болбошунун себебинен кыска убакта ийгиликсиздикке учурады. 1946-жылы жамааттын ишин токтотууга чечим чыгарылды.

1921-жылдын 10-январында грек армиясы менен түрк армиясынын ортосунда 6-январда башталган кагылышуулар, грек бөлүктөрүнүн Инөнү аймагындагы түрк жерлерине карай кол салууларынын себебинен күч алды. Полковник Исмет Инөнүнүн командирлигиндеги түрк армиясынын каршылыгын буза албаган грек күчтөрү артка чегинүүгө аргасыз болушту. Түркиянын Боштондук согушу тарыхына бул окуя Биринчи Инөнү жеңиши деп катталды. Биринчи Инөнү согушу, Мустафа Кемал Пашанын жетекчилигиндеги Түркия Улуу Улуттук Жыйыны өкмөтү тарабынан түзүлгөн армиянын жетишкен биринчи жеңиши болуп саналат.

1951-жылдын 10-январында түрк жарандыгынан чыгарылган белгилүү акын Назым Хикмет Ран, Расмий гезитте жарыяланган жарлык менен өлүмүнөн 46 жыл өткөндөн кийин кайрадан түрк жараны болду.



Тектеш кабарлар