Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1336406
Тарыхта бүгүн

1324-жылдын 8-январында Венециялык соодагер үй-бүлөнүн уулу катары жарык дүйнөгө келген атактуу саякатчы Марко Поло, 70 жашында Венецияда көз жумду. Марко Поло, Папа 9-Григорис тарабынан атасы жана агасына Хубилай ханга кат жөнөтүү менен милдеттендирилгендиги боюнча белгилүү саякаттарын баштады. 17 жыл бою ар кайсы өлкөлөрдүү көрүү мүмкүнчүлүгүн тапкан Марко Поло, Венецияга кайтып баргандан кийин генуялыктар менен болгон согушка катышты жана туткунга түшүп калды. Марко Поло абакта жаткан мезгилде өзү көргөн жерлерди түшүндүргөн белгилүү саякатнамасын жазды.

1642-жылдын 8-январында заманбап физиканын жана астрономиянын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелген итальян илимпоз Галилео Галилей, 79 жашында Италияда көз жумду. Галилео Жер шарынын Күндүн айланасында айлангандыгын жарыялагандан кийин Инквизитор тарабынан өлүм жазасына тартылган бирок тезисин кайра алгандыгы боюнча кечирилген болчу.

1916-жылдын 8-январында Биринчи Дүйнөлүк согушта Чанаккале фронтундагы түрк каршылыгын буза албаган жана артка чегинүүнү чечкен союздаш күчтөрдүн акыркы бөлүктөрү дагы Чанаккаледен чыгып кетишти. Бир күн өткөндөн кийин Бешинчи армиянын командири Отто Лиман фон Сандерс, Гелиболу жарым аралында союздаш өлкөлөрдүн аскерлери калбаганын Башкы командирликке телеграмма аркылуу билдирди.



Тектеш кабарлар