Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1328009
Тарыхта бүгүн

*** 1876 -  жылы 23 -  декабрда Осмон мамлекетинин биринчи конституциясы болгон Канун  -  и Есаси 1 -  Мешрутийет менен бирге жарыяланды. 1 -  Мешрутийет 1878 -  жылы аяктады.

*** 1948 -  жылы 23 -  декабрь күнү Японияда Экинчи Дүйнөлүк согуш мезгилинде премьер  - министр генерал Тосо жана мезгилдин лидерлеринен алты киши кыргын жана согуш кылмыштарынан улам Токиодо өлүм жазасына тартылды.

*** 1972 -  жылы 23 -  декабрда болсо Никарагуанын борбор шаары Манагуну жер менен жексен кылган 6, 3 баллдык жер титирөөдө 10 миң киши каза болду.

*** 1973 -  жылы 23 -  декабрда  Ирандын борбор шаары Тегеранда чогулган нефть өндүрүүчүсү өлкөлөр нефть бааларын 130 пайызга көтөрдү жана АКШ менен Нидерландияга нефть өткөрүүнү токтотту.

*** 1984 -  жылы 23 -  декабрь күнү Орусияда Аэрофлот аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы моторунда өрт чыгып Краснояркий аэропортуна чукул түрдө конуп жатып кырсыкка учурады. Окуяда 110 киши каза болду.

*** 1995 -  жылы 23 -  декабрда Индиянын Дабвали шаарында жылдын акырында өткөрүлгөн шаан  - шөкөттө  чыккан өрттө 540 киши каза болуп, алардын ичинен 17си бала болгон.



Тектеш кабарлар