Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1309755
Тарыхта бүгүн

 

*** 1783 -  жылы 21 -  ноябрда Франциянын борбор шаары Парижде Жан-Франсуа Платре де Розье менен Маркиз д'Арланд биринчи жолу аба шары менен учту.

*** 1877 – жылы 21 -  ноябрда АКШлык Эдиссон фонография үн жазуу аппаратын чыгарды.

*** 1900 -  жылы 21 -  ноябрда болсо еврейлердин Палестинге көчүп жайгашууларына тоскоол болуу максатында Осмон өкмөтү түрдүү чараларды көрдү.Чаралардын арасында өлкө тышынан келген еврейлердин паспортторун берип эң көп 3 айлык мөөнөт менен Палестинде калууларына уруксат берген «Кызыл документти» чыгарды.

*** 1905 -  жылы 21 -  ноябрда Альберт Эйнштейиндин энергия менен массанын ортосундагы байланышты ортого салган E=mc2  теңдемеси тууралуу диссертациясы «Аннален дер Физик» журналында жарыяланды.

*** 1938 -  жылы 21 -  ноябрда болсо Түркиянын куруучусу Мустафа Кемал Ататүрктүн сөөгү 1953 – жылы 10 -  ноябрга чейин кала турган Анкара Этнография музейиндеги убактылуу кабырына коюлду.

*** 1955 -  жылы 21 -  ноябрь күнү Жакынкы Чыгышта күч алган советтик коркунучка каршы Түркия, Иран, Ирак, Пакистан жана Британиянын катышуусу менен Багдат Пакты түзүлдү.

*** 1980 -  жылы 21 -  ноябрда АКШнын көңүл ачуу борбору Лас Вегаста бир мейманканада чыккан өрттө 87 киши каза болуп, 650дөн ашуун киши жараланды.

*** 2002 -  жылы 21 -  ноябрда НАТО биринчи жолу Варшава Пактынын мурунку мүчөсү Чех республикасынын борбор шаары Прагада саммит жыйынын өткөрдү. Саммитте Варшава Пактынын мурунку мүчөлөрү Литва, Латвия, Эстония, Болгария, Румыния жана Словакия менен Словениянын НАТОго кошулушу бекитилди.

***2009 – жылы 21 -  ноябрда Кытайдын Хеганга шаарындагы шахта апаатында 104 шахтер каза болду.



Тектеш кабарлар