Траыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1910 - жылы 20 - ноябрь күнү «Согуш жана тынчтык» жана «Анна Каренина» романдарынын жазуучусу Лев Тостой дүйнөдөн кайтты.
*** 1922 – жылы 20 - ноябрда Түркиянын көз карандысыз бир мамлекет катары дүйнөдө орун алышына мүмкүнчүлүк түзө турган Лозан Тынчтык Конференциясынын расмий ачылышы Швейцариянын Лозан шаарында өткөрүлдү. Конференцияга Түркиядан тышкы иштер министри Исмет Инөнү катышты.
*** 1938 - жылы 20 - ноябрда болсо 10 - ноябрда Стамбулда дүйнөдөн кайткан Мустафа Кемал Ататүрктүн жаназасы Анкарага жетти жана анкаралыктардын акыркы милдетин аткаруулары үчүн Түркия Улуттук Парламентинин алдындагы катафалкага коюду.
*** 1945 - жылы 20 - ноябрда Экинчи Дүйнөлүк согушунда колго түшкөн фашисттик согуштук кылмышкерлери соттоло турган Нюрньберг соту башталды.
*** 1959 - жылы 20 - ноябрь күнү БУУнун Балдар укуктары декларациясы жарыяланды. Толук 30 жылдан кийин ошол эле күнү бул декларацияны негиз кылып алган Балдар укуктарынын келишими да БУУда кабыл алынды.
*** 1962 - жылы 20 - ноябрда АКШ «Ракета кризиси» менен башталган Кубага карата аскердик блокаданы акырына чыгарды.
*** 1975 - жылы 20 - ноябрда жарандык согуштан кийин башкаруусун колго алган өлкөсү Испанияны 36 жыл диктаторлук менен башкарган генерал Франко Мадридде каза болду.
*** 1994 - жылы 20 - ноябрда Стамбулда өткөрүлгөн дүйнөлүк штанга чемпиондугунда Наим Сүлейманоглу 5 дүйнөлүк рекордго жетишип, 3 алтын медалды багындырды.
*** 1998 - жылы 20 - ноябрь күнү Орусиядан качып Италияга кирип бара жатып кармалган ПККнын корбашысы Абдуллах Өжалан Италия тарабынан эркин койо берилди.
*** 2003 - жылы 20 - ноябрда Али Каида террористти Стамбулдагы HSBC банкынын башкы дирекорлугу менен Бейоглундагы Британия консулдугуна бирдей убакта бомбалуу кол салды. Кол салууда 30 киши каза болуп, 400дөн ашуун киши жараланды.