Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1092 - жылы 19 - ноябрда Улуу Селжуктук императорлугунун өкүмдары Меликшах Багдатта каза болду.
*** 1900 - жылы 19 - ноябрда Британияда шайлоо жана шайлануу укугун талап кылган 119 аял митингчи общиналар палатасына кирүү менен камоого алынды.
*** 1923 - жылы 19 - ноябрь күнү Биринчи Дүйнөлүк согушунан кийин немис экономикасы кризиске кирди. Немис маркы чоң баа жоготту. 1 Америка доллары 4, 2 триллион немис маркы болду.
*** 1938 - жылы 19 - ноябрда болсо Түркиянын куруучусу Мустафа Кемаль Ататүрктүн сөөгү элдин көз жашы менен Стамбулдан Анкарага узатылды.
*** 1967 - жылы 19 - ноябрда Түркия Улуттук Парламенти Кипрде күч алган араздашуу боюнча өкмөткө өлкө тышына аскер жиберүү жоопкерчилигин берди. Түрк деңиз флоту аракетке өтүп, Анкарадагы 28 - бригада да Искендерунга карай жолго чыкты.
*** 1977 – жылы 19 - ноябрда Португалия аба жолдоруна таандык жүргүнчү учак Мадеирада кырсыкка учурады жана 130 киши каза болду.
*** 1984 - жылы 19 - ноябрь күнү армян террористтер Венадагы БУУнун офисинде кызмат кылган түрк дипломат Энвер Эргунду шейит кылды.
*** 1985 - жылы 19 - ноябрда АКШнын президенти Рональд Рейган менен советтер союзунун мамлекет башчысы Михаил Горбачев биринчи жолу Женевада жолугушту. Эки лидер 2 күнгө созулган саммиттин акырында стратегиялык атомдук куралдардын 50 пайыздык катнашынын азайтылышына чечим чыгарды.
*** 1994 – жылы 19 - ноябрда болсо Халил Мутлу дүйнөлүк штанга чемпиондугунда 7 дүйнөлүк рекордго жетишти.
*** 1997 - жылы 19 - ноябрда АКШда Бобби МакКоги жети эм төрөдү. Бул бөбөктөрдүн баары тирүү төрөлгөн жети эм болуп каттоого өттү.
*** 2005 - жылы 19 - ноябрда Ирактын басып алышынан кийин Хадиса кыштагында бир группа Америка аскери 27 аял жана баланы өлтүрдү. Окуядан кийин 4 аскер күнөөлөндү бирок сот алдына чыкпастан баары акталды.