Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1926 - жылы 12 - ноябрда Британияда өкмөт шахтерлор менен келишим түзүп, алты айга созулган иш таштоо акырына чыкты.
*** 1927 – жылы 12 - ноябрь күнү Сталин Коммунисттик партияда башкырууну колго алды жана Троцкий партиядан чыгарылды.
*** 1948 - жылы 12 - ноябрда Токиодо курулган аскердик кылмыштар соту Японияны Экинчи Дүйнөлүк согушуна жетелеген 25 кылмышкерден жетөөсүн өлүм, он алтысын болсо түбөлүк абак жазасына тартты.
*** 1969 - жылы 12 - ноябрда болсо Жевдет Сунай советтер союзуна барган биринчи түрк президент болду.
*** 1969 - жылы 12 - ноябрда Пулицер сыйлыгынын ээси америкалык журналист Сеймур Херш Вьетанмдагы Ми Лаи кыргынын ортого чыгарды. Кыргында Америка аскерлери 500гө жакын кишини кырган. Алардын ичинде балдар менен аялдар да болгон.
*** 1996 - жылы 12 - ноябрда Сауд Арабия аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы менен бир жүк ташуучу учак Дели жакындарында абада кагылышты жана 349 киши каза тапты.
*** 1998 - жылы 12 - ноябрь күнү Түркиянын тыгыз иликтөөгө алышы менен Орсиядан Италияга качкан террор корбашысы Абдуллах Өжалан Рим аэропортунда жасалма паспорт менен кармалды.
*** 1999 – жылы 12 - ноябрь күнү 17 - августта болгон жер титирөөнүн жараларын айыктурууга аракет кылган Түркия Болу, Дүзже жана Кайнашлыда 7, 2 баллдык жер титирөө менен дагы бир жолду термелди. Жер титирөөдө 15 миңден ашуун имарат кулап, 845 киши каза тапты жана 4 миң 948 киши жараланды.
*** 2001 - жылы 12 - ноябрда Нью – Йорк ЖФК аэропортунан учкан жүргүнчү учак учкучтун жаңылыштыгынын айына кырсыкка учурап, 265 киши набыт болду.
*** 2017 - жылы 12 - ноябрда болсо Иракта 7, 3 баллдык жер титирөө болуп Ирак менен Иранда 348 киши каза болду. 6 миңге жакын киши да жараланды.