Тарыхта бүгүн
Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.
*** 1644 - жылы 1 - ноябрда исламиеттин 2 - халифеси Азырети Өмер Мадинада багымдат намазын кылып жатып Эбу Лүлүе аттуу кол салуучунун бычактуу кол салуусуна учурады. Кол салуучу жанын кыйып, Азырети Өмер 3 күндөн кийин дүйнөдөн кайтат.
*** 1755 - жылы 1- ноябрда болсо Португалиянын борбор шаары Лиссабондо болгон күчтүү жер титирөө жана андан кийин болгон цунами 90 кишинин өлүмүнө себеп болду.
*** 1923 - жылы 1 - ноябрь күнү Салтанат Түркия Улуттук Парламенти да кабыл алган жарлык менен жоюлду.
*** 1928 - жылы 1 - ноябрда Түркияда алфавит төңкөрүшү болду. Арапча сандар менен тамгалар жоюлуп, латын тамгаларынан турган жаңы түрк алфавити кабыл алынды.
*** 1945 – жылы 1 - ноябрда болсо президент Исмет Инөнү Түркия Улуттук Парламентинин ачылуу сөзүндө : «Бир гана кемчилигибиз өкмөт партиясынан башка партиянын болбошу»,- деген сөздөрү менен Түркияда көп партиялуу турмушка өтүлөрүн билдирди.
*** 1945 - жылы 1 - ноябрда Алжир Улуттук Боштондук Согушу француз колониялык башкарууга каршы Көз карандысыздык согуш баштады. 8 жылга созулган согушта француздар 1, 5 миллион алжирдикти кырды.
*** 1955 - жылы 1 - ноябрь күнү АКШда бир жүргүнчү учак Колорадо жакындарында жарылып 44 киши каза болду.
*** 1970 - жылы 1 - ноябрда болсо Францияда бир бий залында чыккан өрттө 144 киши каза болду.
*** 1993 - жылы 1 - ноябрда Маастрич келишими ишке кирип; Европа Биримдиги расмий түрдө курулду.
*** 2008 - жылы 1 - ноябрь күнү 24 - октябрда сыноо берүүлөрү менен кийичинекей көрөрмандарына салам берген ТРТ чожук иреттүү түрдө эфирге чыга баштады.