Тарыхта бүгүн

Тарыхта бүгүн болгон маанилүү окуялар.

1261862
Тарыхта бүгүн

***1633-жылдын 2-сентябрында чоң Стамбул өртү башталды. Өрттө 20 миңден ашык имарат күлгө айланды.

***1666-жылы 2-сентябрда чоң Лондон өртү башталды жана 3 күнгө созулду. Тилсиз жоодон 13200 үй жана 87 чиркөө зыян тартты.

***1935-жылы 2-сентябрда АКШнын Флорида штатын уруп өткөн бороон-чапкында 423 киши көз жумду.

***1938-жылы 2-сентябрда Хатай Улуттук мажлиси ачылда жана Хатай мамлекетинин курулушу жарыяланды. Тайфур Сөкмен президенти болуп шайланды.

***1942-жылы 2-сентябрда немис бөлүктөрү Варшава Геттосунун козголоңун 50 миң еврейди өлтүрүп басып алды.

***1945-жылы 2-сентябрда Миссури кораблинде Жапониянын багынып бергени боюнча келишимге кол коюлду. АКШнын президенти Труман, жеңишти жарыялады жана 2-Дүйнөлүк согуш аяктады.

***1968-жылы 2-сентябрда Иранда жер титиреп 11 миң киши набыт болду.

***1973-жылы 2-сентябрда «Шакектердин паашасы» сериалы менен дүйнө жүзүнө таанылган англис жазуучусу Ж.Р.Р.Толки 81 жашында дүйнөдөн кайтты.

***1988-жылы 2-сентябрда Швеция аба жолдоруна таандык жүргүнчү учагы Атлантика океанына кулап түшүп, анда 229 киши каза тапкан.

***2011-жылы 2-сентябрда Түркия БУУнун «Мави Мармара» отчетун жарыялаганы боюнча Израилге каршы 5 беренелик санкция киргизүү чечимин чыгарды.



Тектеш кабарлар