Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1306330
Тарыхта бүгүн

 

*** 1630 -  жылы 15 -  ноябрда күн системасындагы планеталардын терегек түрүндө кыймыл кылгандыгын таап астрономия тармагында төңкөрүш жараткан немис окумуштуу  Йоханнес Кеплер каза болду.

*** 1889 -  жылы 15 -  ноябрда болсо 1824 -  жылы кабыл алынган конституция менен мыйзамдуу монархия режиминин астында көз карандысыз мамлекет болгон Бразилияда куралсыз төңкөрүш менен  монархия кулатылды жана республика курулду.

*** 1960 -  жылы 15 -  ноябрда  өзөктүк курал ташыган алгачкы суу түбүндөгү кеме USS George Washington сууга түшүрүлдү.

*** 1967 -  жылы 15 -  ноябрда Кипрде үч түрк айылына кол салып басып алган куралдуу рум козголоңчулары 28 түрктү өлтүрдү. 200дөн ашуун түрк дайынсыз жоголду. Түркияда кезексиз чогулган министр кеңеши  аскердик жетекчилер менен абалды карап чыгышты. Бир күндөн кийин Түркия Улуттук Парламенти өкмөткө Кипрге кийлигишүү  жоопкерчилигин берди.

*** 1969 -  жылы 15 -  ноябрда АКШда Вьетнам согушуна каршы эң чоң митинг борбор шаары Вашингтондо өттү. Митингге 250 миң киши катышты.

*** 1983 -  жылы 15 -  ноябрда Кипр Тынчтык кыймылынан кийин курулган Кипр Түрк Федералдык Мамлекетинин парламенти  добуш бирдиги менен чыгарган чечим менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын курулгандыгын жарыялады. Курулуу билдирүүсүн президент Рауф Денкташ  окуду.

*** 1988 – жылы 15 -  ноябрда Көз карандысыз Палестин мамлекети бүткүл дүйнөгө жарыяланды. Түркия Палестин мамлекетин расмий түрдө таныгандыгын билдирди.

*** 2012 -  жылы 15 -  ноябрда болсо Түркиянын биринчи улуттук аскердик танкы «Алтай»  массалык маалымат каражаттарына таанытылды.

 



Тектеш кабарлар