Тарыхта бүгүн

Бүгүн тарыхта болгон маанилүү окуялар.

1304118
Тарыхта бүгүн

*** 1821- жылы 11 -  ноябрда «Кылмыш жана жаза», «Карамазов бир туугандар» жана «Акылсыз» сыяктуу классикалык чыгармаларды жараткан орус жазуучу Федор Достоевский  Москвада  төрөлдү.

 

*** 1914 -  жылы 11 -  ноябрь күнү Осмон императорлугу Антанта  мамлекеттерине расмий түрдө согуш жарыялады.

 

*** 1918 -  жылы 11 -  ноябрда Германия менен Антанта мамлекеттеринин ортосунда 1 -  Дүйнөлүк согушун акырына чыгарган келишимге Францияда кол коюлду.

 

*** 1947 -  жылы 11 -  ноябрь күнү Түркия Эл аралык Акча Фонду ИМФге мүчө болду.

 

*** 1973 -  жылы 11 -  ноябрда Израиль менен Египеттин арасында Йом Киппур согушун акырына чыгарган ок атышпоого кол коюлду.

 

*** 2004 -  жылы 11 -  ноябрда болсо Палестин Боштондук Уюмунун лидери жана Палестин мамлекетинин биринчи президенти Ясер Арафат дарыланган Францияда дүйнөдөн кайтты. Арафаттын жаназасы Каирде өткөрүлгөн салтанаттан кийин Рамаллахта жерге берилди. Ясер Арафаттын  өлүмүнөн кийин Махмуд Аббас оболу Палестин Боштондук Уюмунун лидери андан кийин да Палестиндин мамлекет башчысы болду.

 

*** 2005 -  жылы 11 -  ноябрь күнү исламиеттин алгачкы мезгилдеринен сөз кылган «Чакыруу» жана Ливия каршы чыгуусунун символдук ысымы Өмер Мухтардын турмушун  киного тартып дүйнөгө белгилүү болгон режиссер Мустафа Аккад 75  жашында Амманда каза болду.

 

*** 2016 – жылы 11 -  ноябрда ПКК террористеринин бомбалуу кол салуусунда  оор жараланган Мардин облусунун Дерик акими Фатих Сафитүрк шейит болду.



Тектеш кабарлар