УЕФА Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык баскычы эки беттеш менен уланды

Европа футболунун клубдук деңгээлдеги номер биринчи турниринин чейрек финалдык этабы эки беттеш менен уланды.

2126876
УЕФА Чемпиондор лигасынын чейрек финалдык баскычы эки беттеш менен уланды

УЕФА Чемпиондор лигасынын чейрек финалынын алгачкы оюндарында Барселона Париж Сен-Жерменди (ПСЖ) 3-2 эсебинде, ал эми Атлетико Мадрид Боруссия Дортмундду 2-1 эсебинде утуп алды.

Европа футболунун клубдук деңгээлдеги номер биринчи турниринин чейрек финалдык этабы эки беттеш менен уланды.

Франциянын өкүлү ПСЖ «Парк де Принс» стадионунда Испаниянын Барселона командасын кабыл алды.

Конок команданын голун 37-мүнөттө Рафинья киргизсе, ПСЖ 48-мүнөттө Усман Дембеле жана 51-мүнөттө Витиньянын голдору менен 2-1 алдыга чыкты.

Барселона 62-мүнөттө Рафинья менен эсепти теңеп, 77-мүнөттө Андреас Кристенсен киргизген гол менен беттешти 3-2 эсебинде утуп алды.

Күндүн башка беттешинде Испаниянын өкүлү Атлетико Мадрид Германиянын Боруссия Дортмунд командасын кабыл алды.

Civitas Metropolitano стадионунда өткөн беттеште Мадрид командасы 4-мүнөттө Родриго де Полдун жана 32-мүнөттө Самуэль Линонун голдору менен 2-1 эсебинде жеңишке жетишти.

Боруссия Дортмунддун жалгыз голун 81-мүнөттө Себастьян Халлер киргизди.

Эки беттештин тең реванштары шейшемби, 16-апрелде болот.



Тектеш кабарлар