"2027-жылдагы Европа оюндары" Стамбулда...
Европа Олимпиада комитетинин Аткаруу кеңеши, 2027-жылы төртүнчү жолу өтө турган Европа оюндарына Стамбулдун кожоюндук кылышына чечим чыгарды.
2121118
"2027-жылдагы Европа оюндары" Стамбулда...
Европа Олимпиада комитетинин Аткаруу кеңеши, 2027-жылы төртүнчү жолу өтө турган Европа оюндарына Стамбулдун кожоюндук кылышына чечим чыгарды.
Иликтөөлөрдүн натыйжасында Европа Олимпиада комитетинин Аткаруу кеңеши, 2027-жылы Европа оюндарын Стамбулда өткөрүү чечимин бир добуштан кабыл алды.
Төрага Спирос Капралос: «Стамбул менен Түркия эбактан бери эл аралык спорттун жакшы достору; Стамбул спортту жарандарынын жыргалчылыгы үчүн күнүмдүк жашоого айландырды. Стамбулдун 2027-жылы Европанын эң мыкты спортчулары үчүн эң сонун жер болорун билебиз»,-деди.
Оюндардын биринчиси 2015-жылы Бакуда, экинчиси Минскиде, үчүнчүсү Краков-Малополскада уюштурулган.