Хэмилтон Газада ок атышууну токтотууга чакырды...

Формула 1де 7 жолу дүйнө чемпиону болгон Льюис Хэмилтон, Израилдин палестиналыктарга каршы геноцид кылып жаткан Газа тилкеси үчүн ок атышууну токтотууга чакырды.

2118256
Хэмилтон Газада ок атышууну токтотууга чакырды...

Формула 1 айдоочусу Хэмилтон Газада ок атышпоого чакырды...

Формула 1де 7 жолу дүйнө чемпиону болгон Льюис Хэмилтон, Израилдин палестиналыктарга каршы геноцид кылып жаткан Газа тилкеси үчүн ок атышууну токтотууга чакырды.

Хэмилтон социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Бул ыйык айды коркунуч, жоготуу жана жүрөк сыздатуу менен өткөрүп жаткан Палестинадагы бардык адамдарга сүйүүмдү жана колдоомду билдирем. Аймактагы көптөгөн адамдар үчүн ыйык болгон бул айда, үй-бүлөлөрдүн бирге болушу, кыйроо жана зордук-зомбулук коркунучунан кутулуусу үчүн туруктуу ок атышпоо жана барымтадагылардын бошотулушу чакырыгын улантышыбыз керек. Дароо ок атышуу токтотулсун»,-деп айтты.

Британиялык айдоочу, Газада ар бир үч баладан биринин жетишсиз тамактануу менен жабыркап жатканын белгилеп: «Күнөөсүз адамдарды, өзгөчө балдарды атайылап бутага алуунун эч кандай негизи жок, муну кабыл ала албайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар