Аялдар эркектерге караганда үзгүлтүксүз машыгуунун пайдасын көбүрөөк көрүшөт

Америка Кошмо Штаттарында окумуштуулар физикалык активдүүлүктө гендердик айырмачылыктар бар же жок экенин аныктоо үчүн 1997-2017-жылдар аралыгында Улуттук ден-соолук сурамжылоосуна катышкан 412,000ден ашык адамдын көнүгүү адаттарын изилдешкен.

2105080
Аялдар эркектерге караганда үзгүлтүксүз машыгуунун пайдасын көбүрөөк көрүшөт

Аялдар эркектерге караганда үзгүлтүксүз машыгуунун пайдасын көбүрөөк көрүшөт.

Америка Кошмо Штаттарында окумуштуулар физикалык активдүүлүктө гендердик айырмачылыктар бар же жок экенин аныктоо үчүн 1997-2017-жылдар аралыгында Улуттук ден-соолук сурамжылоосуна катышкан 412,000ден ашык адамдын көнүгүү адаттарын изилдешкен.

Эркектердин аялдар менен бирдей деңгээлде үзгүлтүксүз көнүгүү жасоодон пайда алышын камсыз кылуу үчүн дагы көбүрөөк көнүгүү жасоосу керек экендигин аныкташкан окумуштуулар, аялдар үчүн жумасына 140 мүнөт орточо жана күчтүү көнүгүү жасоо эркектер үчүн 300 мүнөттүк машыгууга барабар экенин белгилешти.

Изилдөө ошондой эле үзгүлтүксүз көнүгүү жасаган аялдардын жүрөк-кан тамыр ооруларынан, инфаркттан же инсульттан өлүү коркунучу 36 пайызга, ал эми такай көнүгүү жасаган эркектерде бул көрсөткүч 14 пайызга аз экени аныкталган.

Изилдөөдө, текшерилген жылдарда үзгүлтүксүз көнүгүү жасаган аялдардын өлүм коркунучу көнүгүү кылбагандарга караганда 24 пайызга аз болгону, ал эми эркектерде бул көрсөткүч 15 пайызды түзгөнү билдирилди.

Изилдөө «Journal of American College of Cardiology» журналында жарыяланган.



Тектеш кабарлар