Түркиянын Улуттар лигасындагы атаандаштары...

Чучукулак тартуу Франциянын борбору Парижде өттү.

2099967
Түркиянын Улуттар лигасындагы атаандаштары...

Түркиянын Улуттар Лигасындагы атаандаштары белгилүү болду...

Чучукулак тартуу Франциянын борбору Парижде өттү.

Ай жылдыздуу команда, мурдагы сербиялык футболчу Александр Коларов тарткан чүчүкулак боюнча 4-тайпада Уэльс, Исландия жана Черногория менен беттешет.

Улуттук кураманын машыктыруучусу Винченцо Монтелла чүчүкулактан кийин билдирүү жасады.

Монтелла: «Түндүктөн келген командалар менен ойноо ар дайым кыйын болуп келген. Абдан жогорку физикалык күчү менен өзгөчөлөнүп турган бул командалар акыркы жылдары тактикалык жактан да жакшырды. Буларды жакында Уэльс менен Кардиффте ойногон EURO 2024 тандоо матчында көрдүк. Көз караштарым Исландия үчүн да ошондой. Черногория ушул убакка чейин ири турнирлердин финалына катыша албаса да көптөгөн мыкты оюнчуларга ээ команда»,- деди.



Тектеш кабарлар