Биринчи финалист Нигерия...

Африка футбол конфедерациясы (CAF) тарабынан бул жылы   Кот-д'Ивуарда  34 -  өткөрүлгөн жарым финалда Нигерия менен Түштүк Африка беттешти.

2099366
Биринчи финалист Нигерия...

Африка футбол конфедерациясы (CAF) тарабынан бул жылы   Кот-д'Ивуарда  34 -  өткөрүлгөн жарым финалда Нигерия менен Түштүк Африка беттешти.

Нигерия 67 - мүнөттө Уильям Троост - Эконгдун пенальтиден киргизген голу менен 1 - 0 алдыга чыкты.

Түштүк Африка 90 - мүнөттө Тебохо Мокоенанын пенальтиден киргизген голу менен эсепти 1:1ге теңеди.

Нормалдуу убактысы жана кошумча убактысы 1-1 эсебинде тең аяктаган беттештин пенальтилер сериясында  4 - 2 эсебинде үстөмдүк кылган Нигерия финалга атын жаздырды.

Түштүк Африкада Гомолемо Кекана 115 - мүнөттө кызыл карт алды.

Беттешке Нигерия формасы менен  биринчи 11де кирген Фенербахченин оюнчусу Брайт Осайи -  Самуэль 120+2  мүнөттө Касымпашада ойногон Кеннет Омеруо менен алмаштырылды.

Кот-д'Ивуар менен Конго Демократиялык Республикасынын ортосундагы жарым финал  беттешинин жеңүүчүсү финалда Нигериянын атаандашы болот.

Финалдык беттеш  11 - февраль жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча саат  23.00дө ойнолот.

 

 



Тектеш кабарлар