ФИФА: 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун матчтары үч өлкөдө ойнолот

Эл аралык футбол ассоциациялары федерациясы (ФИФА) 23-Дүйнө чемпионатынын алкагында ойноло турган матчтарды Канада, Мексика жана АКШ өткөрө турганын жарыялады.

2097709

2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалы 19-июлда АКШдагы Нью-Йорк/Нью-Жерсидеги MetLife стадионунда болот.

82 миң 500 көрүүчү бата турган MetLife стадиону Чили Аргентинаны утуп алган 2016 Америка Кубогу футбол турниринин финалы да өткөн жер.

ФИФА 39 күндүк мелдештин ачылышы 11-июнда Мехико шаарындагы Estadio Azteca стадионунда, үчүнчү орун үчүн беттеш Флорида штатынын Майами Гарденс шаарындагы Хард Рок стадионунда ойнолорун жарыялады.

Дүйнөдөгү эң чоң футбол турнири деп эсептелген дүйнө чемпионаты биринчи жолу үч өлкөдө өткөрүлөт.

48 өлкө катыша турган турнирде беттештердин айрымдары АКШнын Нью-Йорк, Даллас, Майами, Канзас, Хьюстон, Атланта, Лос-Анжелес, Филадельфия, Сиэтл, Сан-Франциско жана Бостон шаарларындагы 16 стадиондо өтөт.

Мексикадагы беттештер Монтеррей, Гвадалахара жана Мехико шаарында, ал эми Канададагы беттештер Ванкувер менен Торонтодо өтөт.

Тектеш кабарлар