Галатасарай Трабзондо алдыга чыгып, упай айырмасын жапты...

Галатасарай конокто Трабзонспорду 5-1 эсебинде жеңди.Бул жеңиш менен сары-кызыл түстүү команда Фенербахче упай жоготкон бир жумада ортодогу айырманы жапты.

2091860
Галатасарай Трабзондо алдыга чыгып, упай айырмасын жапты...

Галатасарай Трабзондо алдыга чыгып, упай айырмасын жапты...

Трендйол Супер лигасынын жуманын матчында Галатасарай конокто Трабзонспорду 5-1 эсебинде жеңди.

Бул жеңиш менен сары-кызыл түстүү команда Фенербахче упай жоготкон бир жумада ортодогу айырманы жапты.

Лиганын 21-жумасында Трабзонспор Папара Паркта Галатасарайды кабыл алды.

Беттеште конок команданын голдорун 13 жана 61-мүнөттө Заха, 64-мүнөттө Каан Айхан, 80 жана 90+5 мүнөттө Керем Актүркоглу  киргизди.

Үй ээсинин жалгыз голун 79-мүнөттө Энис Дестан киргизди.

Беттешти 5-1 утуп алган Галатасарай упайларын 54кө жеткирип, Фенербахче упай жоготкон жумада айырманы  жапты.

Лигада 6 матчтан кийин өз үйүндө утулган Трабзонспор 37 упай менен калды.



Тектеш кабарлар