Винисиус Жуниордун келишими узартылды

Реал Мадрид Винисиус Жуниор менен келишимин 2027 - жылга чейин узартты.

2058936
Винисиус Жуниордун келишими узартылды

Реал Мадрид Винисиус Жуниор менен келишимин 2027 - жылга чейин узартты.

Испаниянын Реал Мадрид клубу бразилиялык чабуулчу Винисиус Жуниордун 2024 - жылдын июнь айында бүтүшү керек болгон келишими 2027 - жылдын 30 - июнуна чейин узартылганын жарыялады.

Винисиус Реал Мадрид үчүн алты сезондо жалпысынан 235 матчта ойноп, 63 гол киргизип, команда утуп алган  9 кубокто маанилүү үлүшкө ээ болгон.

Испания басылмалары Реал Мадриддин  Винисиустун эркиндикке чыгуу акысын 1 миллиард евро деп белгилегенин жана бразилиялык футболчунун командада эң көп киреше тапкан ысым болорун жазды.

Винисиус Жунио эки күн мурун "Алтын топ 2023тө"  "Сократ сыйлыгын" алды. 

 

 



Тектеш кабарлар