Несрин Баш дүйнө чемпиону болду

Несрин Баш 68 килограмм салмакта финалда беларусиялык Алина Шаучукту 2-1 эсебинде жеңип, 2022-жылдан кийин дагы бир жолу дүйнө чемпиону болду.

2056764
Несрин Баш дүйнө чемпиону болду

23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда ат салышкан улуттук спортчулардын бири Несрин Баш удаасы менен экинчи алтын медалын алды.

Албаниянын борбору Тиранада өтүп жаткан чемпионаттын 4-күнү аяктады.

Мелдештер 50, 55, 59, 68 жана 76 килограмм салмакта кыздар арасында өттү.

Несрин Баш 68 килограмм салмакта финалда беларусиялык Алина Шаучукту 2-1 эсебинде жеңип, 2022-жылдан кийин дагы бир жолу дүйнө чемпиону болду.

Ушундайча Несрин 2017-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта катары менен чемпион болгон биринчи аял спортчу катары катталды.

 

                     

 



Тектеш кабарлар