Пакистанда 8 жылдан бери биринчи жолу эл аралык футбол беттеши өткөрүлөт
Пакистандын Футбол федерациясынын (PFF) расмий өкүлү Мухаммад Яшал : «8 жылдан кийин жаңы башталыш жасап жатабыз»,- деди.
Бүгүн Пакистандын Улуттук курама командасы 2026 дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарынын биринчи беттешинде атаандаштын талаасында 0 - 0 эсебинде тең чыккан Камбоджаны борбор шаар Исламабаддагы Жиннах спорт стадионунда кабыл алат.
Пакистандын Футбол федерациясынын (PFF) расмий өкүлү Мухаммад Яшал : «8 жылдан кийин жаңы башталыш жасап жатабыз»,- деди.
Өлкөдө коопсуздук тынчсыздануулары жана Пакистандын Футбол федерациясынын ичиндеги келишпестиктерден улам эл аралык футбол беттештеринин өткөрүлө албагандыгын айткан Яшал 2018 дүйнөлүк кубогунун тандоолорунун негизинде Пакситан - Йемен күрөшүнүн коопсуздук тынчсызданууларынан улам Бахрейнде өткөндүгүн эске салды.
Пакистан акыркы эл аралык беттешин 2015 - жылы Афганистан менен өз үйүндө өткөргөн.
ФИФА 2021-жылдын 7-апрелинде Сайед Ашфак Хуссейн Шах жетектеген мурдагы жетекчилик Пакистандын Футбол федерациясынын штаб-квартирасын басып алганына байланыштуу Пакистандын Футбол федерациясынын мүчөлүгүн убактылуу токтотту.
ФИФА 2022-жылдын июнь айында Пакистандын Футбол федерациясына коюлган бардык чектөөлөрдү жоюуп, мүчөлүккө кайра киргизүүнү чечимин чыгарды.