Түркиянын Улуттук футбол курама командасы 6-ирет Европа чемпиондугунда...

ЕВРО 2024 тандоо оюндарынын D тайпасындагы 7-матчында Латвияны 4-0 эсебинде жеңген Улуттук курама 6-жолу турнирге катышуу укугуна ээ болду.

2051230
Түркиянын Улуттук футбол курама командасы 6-ирет Европа чемпиондугунда...

Түркиянын Улуттук футбол курама командасы 6-ирет Европа чемпиондугунда күч сынашат.

ЕВРО 2024 тандоо оюндарынын D тайпасындагы 7-матчында Латвияны 4-0 эсебинде жеңген Улуттук курама 6-жолу турнирге катышуу укугуна ээ болду.

Конокто Хорватияны жеңип, тайпада лидер болгон Улуттук футбол командабыз 7-жумадагы беттешинде Латвияны кабыл алды.

Конья Бүйүкшехир Беледие стадионунда ойнолгон беттештин биринчи жарымы голсуз аяктады.

Экинчи таймда биздин курамадан гол жаады...

Ай-Жылдыздуу команда 58-мүнөттө издеген голун тапты.

Бул мүнөттө Юнус Акгүн латвиялыктардын дарбазасына таамай сокку узаттып, эсеп 1:0 болду.

Ай-Жылдыздуу команда 83-мүнөттө Женк Тосундун башы менен киргизген соккусу менен эсепти 2-0го жеткирсе, 87-мүнөттө Керем Актүркоглу менен айырманы 3кө чыгарды. Эсеп 3-0 болду.

90+2-мүнөттө дагы бир жолу ылдам чуркаган Женк Тосун беттештин эсебин жыйынтыктап, эсепти 4-0гө жеткирди.

Өз талаасында биринчи жолу Латвияны жеңип алган Улуттук футбол курама командасы упайларын 16га жеткирип, лидерлигин сактап, тайпада алдыңкы эки орунга чыгууга кепилдик алды.

Президент Режеп Таййип Эрдоган Улуттук футбол курама командасын 2024-жылы Германияда өтө турган футбол боюнча Европа чемпиондугуна жолдомо алганы үчүн куттуктады.



Тектеш кабарлар