'Salomon Кападокия Ultra Trail'...

'Salomon Cappadocia Ultra Trail' жарыштары 3 категорияда өткөрүлдү.

2051436
'Salomon Кападокия Ultra Trail'...

Дүйнөнүн төрт бурчунан келген миңдеген жөө күлүктөр 10-жолу Кападокияда жолугушту.

Миңдеген жылдык тарыхы менен байыркы цивилизацияларга кожоюндук кылган Кападокиянын уникалдуу географиясында 71 өлкөдөн жалпы 2434 күлүк ат салышты.

'Salomon Cappadocia Ultra Trail' жарыштары 3 категорияда өткөрүлдү.

Кападокиянын уникалдуу атмосферасында спортчулар 119, 63 жана 38 километрлик тилкелерде жарышышты.

Salomon Cappadocia Ultra Trailдин 119 километрлик эң узун трассасынын эркектер категориясындагы рекорду 11 сааттан төмөн болду.

Орусиялык Дмитрий Митяев 119 чакырымды 10 саат 59 мүнөт 32 секундада басып өтүп, биринчи орунду ээледи.

Экинчи орунду болсо орусиялык Фархад Исаков алса, үчүнчү орунду Мохаммадреза Желодар ээледи.

Кыз-келиндер арасында 119 чакырым аралыкта орусиялык спортчу Екатерина Митяева 11 саат 54 мүнөт 57 көрсөткүчү менен биринчи, анын жердеши Ксения Авдеева экинчи, түркиялык жөө күлүк Серпил Байсал үчүнчү орунду багындырды.

63 километрлик тилкеде германиялык Ким Шрайбер кыз-келиндер арасында биринчи орунду ээлесе, орусиялык жөө күлүк Варвара Шиканова экинчиликти; түркиялык Айсел Ялач Долай үчүнчүлүктү алды.

63 километрлик эркектер арасындагы жарышта түркиялык жөө күлүк Местан Турхан подиумдун эң жогорку тепкичине чыкты, Ирем Жан Аяз экинчи, Мальтадан келген Райан Фарружиа үчүнчү болду.



Тектеш кабарлар