Тордун султандары мекенине кайтышты...

Улуттук курама команданы аэропорттон Стамбул губернатору Давут Гүл, Арнавуткөй Беледие Спордун жаш волейболчулары, көп сандаган басма сөз өкүлдөрү жана күйөрмандар тосуп алышты.

2042152
Тордун султандары мекенине кайтышты...

Японияда өткөрүлгөн 2024-жыл Париж Олимпиадасына тандоо оюндарынын В тайпасында ойногон Волейбол боюнча Улуттук аялдар курама командасы 7 матчын тең жеңип, Олимпиадага катышуу укугуна ээ болуу менен мекенине кайтты.

Улуттук курама команданы аэропорттон Стамбул губернатору Давут Гүл, Арнавуткөй Беледие Спордун жаш волейболчулары, көп сандаган басма сөз өкүлдөрү жана күйөрмандар тосуп алышты.

Ай жылдыздуу команданын капитаны Эда Эрдем аэропортто берген билдирүүсүндө: «Биз максаттарыбызга жеттик. Биз абдан бактылуу жана тынчбыз. Баарыбыз сыймыктанган жетишкендиктер болду. Бардык досторума, техникалык командага жана федерацияга ыраазычылык билдирем. Бул команданын ар бир инсаны бул жайды унутулгус кылды. Мындан ары биз алдыга койгон максаттарды жогорулатабыз. Биз жайды жакшы өткөрдүк. Биз кийинки жайды чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Азыр максат алда канча жогору. Биз эми Олимпиададагы медалдын түсү жөнүндө сүйлөшкүбүз келет»,-деди.



Тектеш кабарлар