Франциялык спортчулар үчүн жоолук салынууга тыюу...
Амели Оудеа-Кастера: «Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуучу француз командаларындагы спортчулар жоолук салынбайт».
Францияда 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасында франциялык спортчуларга жоолук салынууга тыюу салынды.
Спортто катуу «светтик режимдин» ишке ашырылышын жактагандарын белгилеген Франциянын спорт министри Амели Оудеа-Кастера: «Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуучу француз командаларындагы спортчулар жоолук салынбайт»,-деди.
"Les Hijabeuses" (Жоолукчандар) деп аталган футболчулар жамааты Франциянын Футбол федерациясы (FFF) 2016-жылдан бери жоолук салынууга уруксат бербегендиктен, бул тыюуну жокко чыгаруу үчүн Мамлекеттик кеңешке кайрылган.
FFFнын ички жоболорунун биринчи беренеси футболчуларга матч учурунда алардын диний көз карашын көрсөткөн кийимдерди же символдорду кийүүгө тыюу салат.
Мамлекеттик кеңеш 29-июнда FFFнын матчтарында аял футболчуларга жоолук салынууга тыюу салууну бекиткен.
Тектеш кабарлар

Шахматта "Республиканын 100 - жылы кубогу"
Түркия Иш Банкынын кошкон салымы менен өткөн турнирде Түркиянын 12 чебер спортчусу жарышты.