Али Женгиз дүйнө чемпиону...

Борбор шаар Белграддагы иш-чарада Али Женгиз финалдык мелдеште венгриялык Давид Лосончи менен беттешти.

2041549
Али Женгиз дүйнө чемпиону...

 

Улуттук спортчу Али Женгиз Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта грек-рим стилинде 87 килограммда алтын медалга ээ болду.

Борбор шаар Белграддагы иш-чарада Али Женгиз финалдык мелдеште венгриялык Давид Лосончи менен беттешти.

Атаандашын 8-7 эсебинде жеңген Али Женгиз алтын медалды багындырып дүйнө чемпиону болду.

Күрөш боюнча улуттук курама команда чемпионатты 2 алтын, 1 күмүш жана 4 коло жалпы 7 медаль менен жыйынтыктады.

87 килограммда Али Женгиз жана 68 килограммда Бусе Тосун Чавушоглу алтын, 130 килограммда Рыза Каяалп күмүш, 125 килограммда Таха Акгүл, 92 килограммда Фейзулла Актүрк, 72 килограммда Селчук Жан жана 63 килограммда Энес Башар коло медалга ээ болушту.  



Тектеш кабарлар