"Тордун султандары" 2024 Париж Олимпиадаларына катышат
"Тордун султандары" 2024 Париж Олимпиада оюндарынын тандоо оюндарынын В тайпасындагы 6 - матчында үй ээси Япония менен беттешти.
Волейбол боюнча улуттук аялдар курама командасы Японияны 3-1 эсебинде жеңип, 2024 Париж Олимпиадасына катышууну кепилдикке алды.
"Тордун султандары" 2024 Париж Олимпиада оюндарынын тандоо оюндарынын В тайпасындагы 6 - матчында үй ээси Япония менен беттешти.
Биринчи сет Япониянын 25-22 эсебинде алдыда аяктаса, Түркия экинчи сетти 22-25 жана үчүнчү сетти 24-26 эсебинде утуп, 2-1 эсебинде алдыга чыкты.
Төртүнчү жана акыркы сетти 25-12 эсебинде алган "тордун султандары" матчты 3-1 эсебинде жеңип, 2024 - жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышуу укугуна ээ болду.
Европа жана Улуттар Лигасынын чемпиону, дүйнөнүн чемпиону курама команда 2024 Париж Олимпиада оюндарына тандоо оюндарынын В тайпасында Пуэрто-Рикону 3-0, Болгарияны 3-0, Перуну 3-1, Аргентинаны 3 - 1, Бразилияны 3-0 жана Япония 3-1 эсебинде утуп алды.
Курама команда жеңиш сериясын 21ге жеткирди.