Фенербахче Даниянын командасы Нордсжаелланды 3-1 эсебинде жеңди
Исмаил Карталдын башкаруусундагы Фенербахче лигада да, Европада да 11 матч катары менен жеңишке жетишти.
2041006
Фенербахче УЕФА Европа Конференция Лигасынын H тайпасынын биринчи оюнунда Даниянын командасы Нордсжаелланды 3-1 эсебинде жеңди.
Исмаил Карталдын башкаруусундагы Фенербахче лигада да, Европада да 11 матч катары менен жеңишке жетишти.
Фенербахче Үлкер стадионунда ойнолгон беттештин 24 - мүнөтүндө Креспо менен алдыга чыгып, 30-мүнөттө Батшуайи менен айырманы 2ге чыгарды.
Экинчи таймды да ылдам баштаган Фенербахче 47-мүнөттө Сердар Азиз менен 3 - голун киргизди.
Нордшаелланд 55 - мүнөттө Оливер Вилладсендин голу менен айырманы 2ге кыскартты.
Калган мүнөттөрдө башка гол болбогондуктан Фенербахче Нордшаелланды 3 - 1 эсебинде утуп, УЕФА Европа Конференция Лигасында 3 упайга ээ болду.