Роналду тарыхка из калтырды...

Сауд Арабиянын «Аль Наср» клубунун футболкасын кийген Криштиану Роналду карьерасында расмий беттештерде 850 гол киргизген алгачкы футболчу болду.

2032648

Сауд Арабиянын Биринчи Футбол Лигасынын 5-жумасындагы Аль Хазм-Аль Наср беттешинде Роналду жаңы баскычка өттү.

Талаадан 5-1 эсебинде жеңиш менен чыккан Аль Насрдын төртүнчү голун киргизген 38 жаштагы Роналду клуб жана улуттук курама карьерасында гол санын 850гө жеткирди.

Португалиялык чабуулчу 123 голду улуттук курама, 450 голду Реал Мадрид, 145 голду Манчестер Юнайтед, 101 голду Ювентус, 5 голду Спортинг жана 26 голду Аль Наср үчүн киргизди.

Тектеш кабарлар